Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылынын 19-апрели №22

 

« Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек арасына макулдук берүү жөнүндө».

 

          Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административтик- аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин IX кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

 

1.     Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын административтик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2.     Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин төрагасы Ысырайылов Жумабек Сапардиновичке жана Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Сатаров Муратбек Окушовичке cхемалык картага кол коюу жагы тапшырылсын.

 

3.     Бул токтомдун көчүрмөсү Токтогул райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

 

5.     Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.