Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39
буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 04-декабрындагы № 04-13/404 буйругуна |
Илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык
иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерди жана билеттерди берүүнүн жана пайдалануунун тартиби
1. Илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоого, контролдук кармоо, балык өстүрүү-мелиоративдүү иштерди, акклиматизацилоону, балыктандыруу жана кайра өндүрүүнү аткаруу үчүн балык уулоо документтерин жана билеттерин берүү жана пайдалануу тартиптери Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоого балык уулоо документтерин жана билеттерин берүүнүн уюштуруу-укуктук негиздерин жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Нускамада балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу органы деп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).
3.Илимий максаттарда, ихтиологиялык мониторинг, балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди жүргүзүү, акклимитизациялоо, балыктандыруу жана кайра өндүрүү үчүн балык уулоо балык чарба маанисиндеги бардык суу объекттеринде балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык уулоо документинин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Балык уулоого балык уулоо документтери төмөнкүлөргө берилет:
– илимий уюмдардын кызматкерлерине – суу биологиялык ресурстарда илимий жана балык чарба изилдөөлөрүн жүргүзүү үчүн;
– балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог адистерине (мындан ары – ихтиология кызматы) – балык ресурстарынын абалын жана балык чарба көлмөлөрүндө аларды табигый өндүрүп чыгаруу натыйжалуулугун баалоо максатында контролдук кармоо үчүн;
– мамлекеттик балык заводдоруна, балык чарбаларына жана көлмөнү пайдалануучуларга – балык запастарын абалына жана аларды кайра өндүрүүнүн натыйжалуулугуна баа берүүгө контролдук кармоо үчүн.
5. Балык уулоо документтери белгиленген формадагы арыздын негизинде берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
– илимий иштерди жүргүзүү үчүн – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, изилденүүчү балыктардын түрлөрүн, илимий максаттарда балык уулоо жайларын жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен илимий иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартипте бекитилген илимий-тематикалык мерчеминен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– балыкты контролдук уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген (макулдашылган) ихтиологиялык иштердин мерчеми жана балыкты контролдук уулоону жургүзүүнүн ыргагы;
– көлмөлөрдүн балык запастарын өндүрүп чыгаруу жана балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн – түрдүк жана жыныстык (уургачы, эркек) курамы боюнча балык өндүрүүчүлөрдүн зарыл болгон сандагы балык уулоосун биологиялык эсептеп чыгуусу, икранын зарыл болгон өлчөмүн даярдоо жана көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин жаш балыктар менен балыктандыруу максатында талап кылынган балык жайгаштыруу материалын алуу үчүн, ошондой эле, бардык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын балык уулоо чарбаларынын балык запастарын жасалма балык өстүрүү боюнча иштерди уюштурууга даяр экендигин текшерген актысы;