Редакцияот 11.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 11-декабры № 2/4

 2025-жылда райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган объекттерге Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.     2025-жылда райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган, тиркемеде көрсөтүлгөн  төмөнкү объекттерге Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.  №1 Тиркеме тиркелет

2.     Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Бердибеков

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин 11.12.2024-жылдагы кезектеги II сессиясынын №2/4 токтомуна

№1 тиркеме

 

№

Долбоордун аталышы

Долбоордун жалпы суммасы (сом)

Мамлекеттен каржылоо

Айыл өкмөтүнүн өздүк салымы

Каржы булагы

1.      

Үч-Коргон –Чаувай автожолун тротуар салуу менен жакшыртуу. Тегирмеч айылы

4 483 682

3 362 762

1 120 920

Райондук Түрткү берүүчү грант

2.      

Суухана участкасында Джалсай дарыясынан айылды аралап өтүүчү жол көпүрөсүн оңдоо

1 133 440

850 080

283 360

Райондук Түрткү берүүчү грант

3.      

“Үч-Коргон” муниципалдык кеңсесин оңдоо, суу алгычты тазалоо жана тосмо орнотуу

4 923 963

3 692 973

1 230 990

Райондук Түрткү берүүчү грант

 

 

Жооптуу катчы: Д.Ахунова