Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 4

 Кезектеги III  Элдик Курултайды өткөрүү жана шайлоо боюнча уюштуруу комитети  жөнүндө

                                  

       Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПТ №199 Кезектеги III  Элдик Курултайды өткөрүү жана шайлоо боюнча уюштуруу комитети  жөнүндө Жарлыгынын негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги I сессиясы

                                       

                                                   Токтом кылат:

 

1.     Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жалпы калкынын саны 7486 болгондугуна байланыштуу Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны квотага ылайык 56 катышуучу болуп бекитилсин.

2.     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Баймуратовко милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Исаковага тапшырылсын.

Айылдык кеңешинин төрайымы

Ш. Омурова