Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 5

  

Кезектеги III  Элдик Курултайды өткөрүү жана шайлоого

жыйындарды өткөрүү үчүн аймакты бөлүктөргө бөлүү жана коомдоштуктардын (жамаат) делегаттарынын санын бекитүү  жөнүндө

              Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы ПТ №199 Кезектеги III  Элдик Курултайды өткөрүү жана шайлоо боюнча уюштуруу комитети  жөнүндө Жарлыгынын негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги I сессиясы

                                       

 

                                      

                                                   Токтом кылат:

 

1.    Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын көрсөтүү үчүн калктын санына жараша жыйындар Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда өтүп, квоталар калктын санына жараша төмөнкүдөй тартипте бөлүнсүн.

-        Ак-Сай айылынан (калктын саны 2022)                        -13делегат

-        Капчыгай айылынан (калктын саны 843)                     -7  делегат

-        Көк-Таш айылынан   (калктын саны 2725)                    -19делегат

-        Миң –Өрүк айылынан (калктын саны 881 )                  -7  делегат

-        Миң-Булак айылынан   (калктын саны 1015)                -10 делегат

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Сай айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Баймуратовко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Исаковага тапшырылсын.

Айылдык кеңешинин төрайымы

Ш. Омурова