Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2024-жылы 19-декабры № 6

 Жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жер аянтынын багытын которууга макулдук берүү  максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Достук айылынын тургуну Мухамадиев Абдураим Кимсанбаевичке турак жай үчүн берилген 1200 м кв жер аянтынын ичинен, 160 м кв аянтын “Соода-сатык коммерциялык ишмердүүлүк зонасына” которууга макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Кара-Бак айылдык

Кенешинин торагасы:

 

А.Дилишатов