Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылы 27-ноябры № 10

Жер аянтын которууга (трансформациялоо ) макулдук берүү жѳнүндѳ  

Кыргыз  Республикасынын  “Жер кодексине” Кыргыз  Республикасынын   “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын   2013-жылдын 15-июлдагы  Жер  учостокторун которуу (трансформациялоо ) жөнүндөгү мыйзамынын негизинде  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

Токтом кылат:

1. Алтын-Бешик  айыл аймагына караштуу Сөгөт участогунда жайгашкан № 442-контурундагы 1,30 га жана № 471-контурундагы 1.70га   жалпы аянты 3.0 га таштуу жайыт жер  тоок ферма куруу үчүн жайыт жер аянтын “айыл чарбасынын жерлери “категориясынан  ѳнѳр жайынын , транспорттун, байланыштын, энергетиканын  коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына  которууга  макулдук берилсин .

2.Ушул токтомдун негизинде  тийиштүү иш кагаздарын  толуктап бүтүрүү жагы  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы И. Тилековко   милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрайым:

 А. Матраимова