Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы №61 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 354 Жарлыгына) |
2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук ПРОГРАММАСЫ
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Футбол бүгүнкү күндө кадимки спорттук оюндардан алда канча өзгөчөлөнүп, спорттун эң популярдуу түрүнө гана айланбастан, массалык кызыгууну жаратып, дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнүн натыйжасында футбол заманбап массмедианын эң таанымал жана талап кылынган продуктусу болуп калды. Көптөгөн өлкөлөрдө футболду өнүктүрүү жаңы деңгээлге чыкты жана ал биринчи кезекте мамлекеттин, футбол федерацияларынын жана ассоциацияларынын, күйөрмандардын, өнөктөштөрдүн жана демөөрчүлөрдүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү аркылуу жетишилет.
2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз футбол биримдигинин (мындан ары - КФБ) миссиясына жана көз карашына ылайык иштелип чыкты.
Пайда болгон чакырыктарды жана ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү жана келечекти, ошондой эле өнүгүү жолдорун диверсификациялоо зарылдыгын жана максималдуу натыйжалуулукка жетүү үчүн күч-аракеттерди топтоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен бул Программа төмөнкүлөргө багытталган:
- кыргыз футболунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кыргыз футболчуларынын суроо-талабын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын футбол курама командаларынын жана кесиптик клубдардын эл аралык аренада чыгуу жыйынтыктарын жакшыртуу;
- сапаттуу футбол продуктун түзүү жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусунун өсүшүн камсыз кылуу;
- спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын бардык багыттардагы курама командаларынын жана кесиптик клубдардын бардык курактык категориялары үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү квалификациялуу оюнчуларды кеңири тандоону камсыз кылуу;
- массалык футболдун уюштурулушун жана жеткиликтүүлүгүн популярдаштыруу жана өркүндөтүү, заманбап футболдук инфратүзүмдү жана жогорку квалификациялуу кадрларды керектүү санда камсыз кылуу;
- өлкөдө футболдун туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү.
2. Кыргыз Республикасында футбол чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Кыргызстанда бүгүнкү күндө футбол менен жалпысынан чоңдордун 8%ы (Европада - 14%) ойнойт, футбол ойногон аялдардын үлүшү 0,5%дан ашпайт (Европада - 4%), футбол ойногон балдардын үлүшү алардын жалпы санынын 17%ын түзөт (Европада - 27%).
Кыргызстандан 20дан ашык футболчу өлкөнүн тышында (Россия Федерациясы, Беларусия, Бангладеш, Түркия, Өзбекстан, Германия, Швеция, Люксембург, Гонконг, Казакстан) ойнойт. Салыштыруу үчүн: өз өлкөлөрүнүн тышында 202 украиналык, 192 россиялык, 45 беларусиялык жана 32 өзбек футболчу ойнойт.
Бүгүнкү күндө өлкөдө чөп газону менен 26 стадион жана жасалма катмары менен 11 стадион/талаа (айрымдары оңдоону талап кылат), 1 манеж жана футзал менен машыгуу үчүн 30га жакын зал бар. Учурдагы стадиондордун экөөсү гана эл аралык оюндарды өткөрүү талаптарына аздыр-көптүр ылайык келет, дагы 8и кыргыз премьер-лигасынын оюндарын өткөрүү талаптарына жооп берет, 11 стадиондо улуттук лига оюндарын өткөрүүгө уруксат берилет, ал эми 9 стадиондо учурдагы абалына байланыштуу эч бир расмий оюндарды өткөрүүгө болбойт. Ушундай эле кырдаал футзалдык инфратүзүмдөн дагы байкалууда, алардын 2си гана эл аралык беттешүүлөрдү өткөрүү стандарттарына жооп берет, калгандарынын айрымдарынын өлчөмдөрү стандартка жооп бербейт жана машыгуу үчүн гана жарактуу. Ошондой эле инфратүзүмдү өнүктүрүүдө региондук дисбаланс орун алган, залдардын дээрлик 60%ы Бишкекте жайгашкан, ал эми Ош, Талас жана Нарын облустарында болгону 1ден зал иштейт. Инфратүзүм акырындык менен жакшырып келе жатканын белгилөө зарыл. Катмары жана жарыктандыруусу жакшы мини-футбол аянтчалар жана залдар пайда болууда. Бирок, көпчүлүк учурда бул жакшыртуулар жеке капиталдын эсебинен ишке ашырылууда.
Акыркы 10-жылда Азия футбол конфедерациясынын (мындан ары - АФК) "С", "В", "А" жана "Pro" категорияларына лицензиясы бар футбол машыктыруучуларынын жалпы саны 5 эсеге көбөйүп, азыркы учурда 604 адамды түзөт (2013-жылы 121 машыктыруучунун лицензиясы болгон).
Региондор боюнча машыктыруучу кадрлардын саны калктын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлгөн эмес. Мисалы, Талас облусунда машыктыруучулар Ош облусуна караганда 20 эсеге, Бишкекке жана Чүй облусуна караганда 45 эсеге аз.
Кыз-келиндер машыктыруучулардын үлүшү Кыргызстандагы бардык машыктыруучулардын жалпы санынын 7, 8%ын түзөт. Кыз-келиндер командаларын даярдоо менен алектенген кыз-келиндер машыктыруучуларынын контракттары жок жана минималдуу стипендия алышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүнкү күндө Эл аралык футбол федерациясынын (мындан ары - ФИФА) рейтингинде 101-орунду (АФКда - 17-орун) ээлеп турат, кошуна мамлекеттер Казакстан (109-орун) менен Тажикстандан (102-орун) озуп өтүүдө. Салыштыруу үчүн: калктын саны жана ички дүң продуктусунун деңгээли окшош өлкөлөр, Никарагуа - 130-орунда, Ливан - 117-орунда турат.
Бирок футбол боюнча Эло (Elo Rating) рейтингинде Кыргызстан азыркы учурда 145-орунда, Казакстан - 92-орунда, Тажикстан - 110-орунда, Никарагуа - 122-орунда, Ливан - 140-орунда турат.
Эгерде бир нече жыл мурда Кыргызстандын улуттук курама командасы оюндардын алдындагы жыйындар менен чектелип, ал эми жылдык оюндардын саны өтө аз болгон болсо, акыркы мезгилде каржылоонун жакшырышы менен курама командада окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду, алардын айрымдарын чет өлкөлөрдө өткөрүүгө мүмкүндүк болууда. Башка өлкөлөрдүн командалары менен жолдоштук беттешүүлөрдүн саны да көбөйүүдө, аларда футболчулар керектүү тажрыйбага жана өзүнө болгон ишенимге ээ болушат.
Футзал боюнча улуттук курама команданын тарыхында салыштырмалуу олуттуу жетишкендиктери бар. 2005-жылдагы АФКнын чемпионатында коло байгенин ээси, ал эми 2006 жана 2007-жылдары төртүнчү болгон. Ошондой эле анын тарыхында Азия чемпионатында алтынчы орун жана беш чейрек финал да бар. Тилекке каршы, акыркы жылдары футзал курама командасынын ийгилиги анчалык байкалбай келет, ал эми акыркы АФК чемпионатында квалификацияны өтө албай калган. Ага карабастан өлкөнүн ички чемпионатындагы атаандаштык өзгөчө күчөгөн жана оюнчулар кооз футбол көрсөтүп баштаган мезгилде футзап курама командасынын келечеги чоң үмүттөрдү арттырууда.
Бүгүнкү күндө футзал боюнча улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 50-позицияны ээлеп турат, коңшу Казакстан (7-орун) менен Өзбекстандан (25-орун) артта калып, бирок Тажикстандан (52-орун) алдыда турат.
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасы азыркы учурда дүйнөлүк рейтингде 128-орунда турат. Салыштыруу үчүн: Өзбекстан 50-орунда, Казакстан 99-орунда, Тажикстан 148-орунда.
Кыргыз кесиптик футбол лигасынын (мындан ары - ККФЛ) оюндарынын популярдуулугу өтө төмөн. Премьер-лигада 8 клуб, Улуттук лигада ушунча команда бар. Мындан тышкары, ККФЛ Кыргыз Республикасынын футбол боюнча кубогун жана Кыргыз Республикасынын футбол боюнча суперкубогун өткөрүп келет.
ККФЛде легионерлердин үлүшү 18,3%ды (Россияда - 31%, Украинада - 22%, Өзбекстанда - 10% легионерлер ойнойт) түзөт.
ККФЛдеги оюнчулардын орточо курагы - 23,9 жашты түзөт. Салыштыруу үчүн: Казакстандын жогорку лигаларында - 27 жаш, Россия менен Өзбекстанда - 26,3 жаш, Украинада - 25,6 жаш жана Беларусияда - 24,9 жаш.
Футболдук клубдардын жана чоңдор командаларынын санынын салыштырмалуу аздыгы өспүрүм курактан чоңдорго өтүүчү жаш оюнчуларга болгон суроо-талапты чектөөдө. Ошол себептен келечектүү жаш футболчулардын айрым бөлүгү окууну же акча табууну артык көрүп, кесиптик карьерасын токтотууда.
Көптөгөн командалардын өз стадиондору же окуу-машыгуучу базалары жок. Жергиликтүү бюджеттен дотация алган бир нече клубду кошпогондо, өлкөдөгү футбол клубдарынын басымдуу көпчүлүгү жеке каржылоонун негизинде иштеп келет.
Ошондой эле жаштар жана балдар командаларын кармап турууга бир нече гана клубдардын мүмкүнчүлүгү бар жана бир дагы клубда бүгүнкү күндө кыз-келиндер командасы жок.
Кыз-келиндер футболунда эки гана чемпионат өткөрүлөт. Биринчиси 7 командадан турат, анда 15 жаштан жогорку кыз-келиндер ойнойт, экинчисинде, өзүнө 13 команданы камтыган жаштар чемпионатында 14 жашка чейинки кыздар ойнойт. Кыз-келиндер командалары курамындагы оюнчулардын контрагы жок жана айлык албагандыгы менен мүнөздөлөт, башкача айтканда кыз-келиндер футболунда кесипкөйлүк жок.
Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасында 2 зонага бөлүнгөн 14 команда ат салышат. Быйылкы жылы ата мекендик футзал клубдарында ойногон легионерлердин жалпы саны 30га жетип, чемпионаттын планкасын жаңы деңгээлге көтөрдү.
Ошондой эле өлкөдө футзал боюнча республикалык, ошондой эле региондук ышкыбоздор лигалары туруктуу негизде иштеп келет.
Мындан тышкары, жыл сайын ардагерлер арасында футзал боюнча турнирлер өткөрүлүп, ага Кыргызстан менен Казакстандын ар кандай жаш-курак категориясындагы көп сандаган командалар катышат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат базасына ылайык өлкөдө 78 мекеме (олимпия резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, балдар-өспүрүмдөр спорт мектептери, спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар) иштейт, аларда 182 футбол боюна окутуу-машыктыруучу кызматкер эмгектенет жана 5889 бала футбол менен машыгат.
2021-жылдан тартып Балдардын футбол лигасынын (мындан ары - БФЛ) ишинде "ФИФА Коннект" эл аралык системасы (FIFA Connect) колдонулуп келет, анда бардык балдар жана жаштар жаш-курагы боюнча катталат. Азыркы учурда бул системада КФБнын колдоосу астында БФЛ өткөргөн турнирлерге катышкан 1815 жаш футболчу катталган.
Балдар жана жаштар арасындагы республикалык чемпионат эки зонага (түндүк жана түштүк) бөлүнгөн эки лигада (жогорку жана биринчи), 3 жаш-курактагы категорияда (U14, U15 жана U16) өткөрүлөт. Чемпионатка 72 команда катышат (ар бир лигада 36дан). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кубогу жыл сайын 5 жаш-куракта (U12, U13, U14, U15 жана U16), ар бир категорияда 8ден команда менен ойнотулат.
Учурда Кыргыз Республикасында лицензиясы бар 141 футбол арбитри бар, алардын 11,35%ын аялдар түзөт.
Улуттук деңгээлде футбол калыстарынын саны жыл сайын көбөйүүдө. Алардын саны 10 жылдын ичинде 3,35 эсеге көбөйгөн. Бирок бул жерде дагы региондук дисбаланс орун алган - региондордо калыстар жетишсиз.
Мындан тышкары, калыстардын сапаттык өсүшү сандык өсүштөн артта калууда. Мисалы, эркектер футболунда 2008-жылдан бери бир дагы калыс рекрутингди өткөн эмес, ошондуктан ФИФАнын жаңы калыстары жок. Аялдар калыстыгында жагдай жакшыраак, мында Кыргызстандан ФИФАда эки калыс бар.
Тилекке каршы, Кыргызстанда VAR системасы жок, анын натыйжасында ФИФАнын эрежелери боюнча кыргызстандык калыстар эл аралык беттештерди тейлөөгө тартылышы мүмкүн эмес.
Футбол чөйрөсүндөгү учурдагы абалдын себеби болуп футболду өнүктүрүүдөгү өз ара байланышкан көйгөйлөрдүн комплекси саналат, алардын негизгилери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- жалпысынан дене тарбияны жана спортту, анын ичинде футболду өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде так чагылдырылган стратегиялык мамиленин жоктугу;
- жеке капиталдын футболго катышуусунун төмөн деңгээли, бизнесмендерде жана меценаттарда инвестициялоо үчүн өбөлгөлөрдүн жоктугу;
- футбол инфратүзүмүнүн объектилеринин саны жана сапаты өлкөдөгү кесиптик, ошондой эле массалык футболду өнүктүрүүгө жөндөм түзбөйт;
- кесипкөй менеджерлерди, спорттук жана техникалык директорлорду, машыктыруучуларды, аналитиктерди, коммерциялык директорлорду, мелдештерди уюштуруучуларды даярдоо жана өнүктүрүү боюнча программалардын жоктугунан башкаруучу, спорттук, аналитикалык жана уюштуруучу кадрлардын жетишсиздиги;
- машыктыруучуларды окутуу жана лицензиялоо системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү жана талаптын төмөндүгү. Бүгүнкү күндө лицензиялоо массалык футбол системасында иштөө үчүн номиналдуу түрдө гана зарыл элемент болуп саналат;
- курама командалар менен иштөөдө улуттук футбол моделинин жоктугу. Улуттук стилдин айырмалоочу белгилерине негизделген оюн модели көптөгөн өлкөлөрдө курама командалардын жыйынтыктарын трансформациялоонун негизи болуп калды. Оюнду куруудагы жалпы философия жана бирдиктүү мамиле ар кандай жаш-курактагы курама командалар менен иштеген машыктыруучулардын күч-аракетин бириктирүүгө, бир жаш-курактык топтон экинчисине өтүүнү тең салмактуу кылууга мүмкүндүк берет;
- футбол ишинин бардык маанилүү катышуучуларынын (КФБ, кесиптик футбол клубдары, күйөрмандар, муниципалдык органдар) ортосунда конструктивдүү диалогдун жоктугу, бул кыргыз футболунун өнүгүшүн кыйла басаңдатууда жана жалпы максатка жетүү үчүн күчтөрдүн консолидациясына тоскоолдук жаратат.
Ушуну менен бирге Кыргызстанда футболдун динамикалык өнүгүшү үчүн зарыл болгон негизги өбөлгөлөр бар, атап айтканда:
- акыркы он жылдан бери өлкөбүздө футболдун өнүгүшү жогорулады: ФИФА жана АФК менен болгон мамилелер бекемделип жатат, улуттук курама команда олуттуу ийгиликтерге жетишти, футзалдагы позициялар жакшырууда, балдар футболу өнүгүп жатат;
- футболго кызыккан жана аны сүйгөн, анын өнүктүрүүгө жана жайылтууга салым кошууга жөндөмдүү адамдардын саны көбөйүүдө;
- өлкө жетекчилиги тарабынан футболго көңүл бурула баштады.
Бул Программа системалык өзгөрүүлөргө негизделет, алар жалпы миссия, амбициялуу жана ошол эле учурда адекваттуу максаттар, конкреттүү жана аткарылуучу милдеттер менен бириккен футболдун бардык багыттарын пландуу өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. КФБ натыйжалуу коммуникацияларды түзүү, жолун улоочулукту жана институционалдык эс тутумду камсыз кылуу, бул Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө тандалган курска багыт алуу менен ушул жааттагы демилгечи жана кыймылдаткыч болушу керек.