Редакцияот 22.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезектеги XXXI сессиясы

 

2024-жылдын 22-июлу  № XI

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин Экскаватор погрузчик тракторунун ижара акысын жөнүндө

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясында,  Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин төрагасы  Р.Матазимовтун  12-июнь 2024-жылдагы чыгыш №9 сандуу катын карап, 2024-жылдын май,июнь айлары жаандуу болуп, сел көп болгондугуна байланыштуу  Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши  

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Экскаватор погрузчик тракторунун  май, июнь айларынын ижара акысы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесине төлөнбөй эки айлык ижара акысы  кыскартылсын.  

2.Токтомду аткаруу жагы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р.Матазимовко милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Т.Тагаев