Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезектеги XXXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-августу № II

Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы мамлекеттик кызмат  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 28-июлундагы  №189 буйругу менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объектерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык иштелип чыккандыгын эске алып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Папан айыл  аймагынын айыл өкмөтүнө муниципалдык менчигиндеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.

Төрага:

Т.Тагаев