Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XXXIII сессиясы

 

2024-жылдын 05-сентябры  № III

Маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жакшыртуу жана пайдалануу эрежелери жөнүндө

Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура  боюнча  башкармалыгынын  2024-жылдын 12-апрелиндеги  каты менен бекитилген “Маалыматтык  жана жарнама түзүмдү жакшыртуу жана пайдалануу эрежелеринин” долбоору Папан айыл аймагында орнотулган  жарнамаларды иретке  келтирүү максатында  Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Папан айыл аймагында  орнотулган жарнамаларды иретке келтирүү максатында  Кыргыз Республикасынын  “Жарнама жөнүндө  жана “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  жөнүндө” “Мамлекеттик  тил жөнүндө”, “Шаар курулушу  жана архитектура  жөнүндө” мыйзамдарга жана эрежелеринин” долбоору бекитилсин.

2.Токтомдун бир нускасы Кара-Суу  районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдө жагы  айылдык кеңештин  жер жана агрардык  маселелер, коммуналдык менчик,  соода, байланыш транспорт жол курулуш,  энергетика, капиталдык курулуш иштери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Бул токтомдун  аткаруу жагы  айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Т.Тагаев