Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XXXIII сессиясы

 

2024-жылдын 05-сентябры  № VI

Папан айыл өкмөтүнө караштуу жер участогун которуу( трансформациялоо) жөнүндө

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин   VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясында күн тартибиндеги маселени карап ,чыгып Папан айыл өкмөтүнө караштуу №952-контрундагы айыл чарбасына жараксыз Турдубаева Акылайдын жеке менчигиндеги 0,83 га жер аянтын “ Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер “ категориясына которуу (трансформациялоо) максатына ылайык, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Папан айыл өкмөтүнө караштуу Күмбөз участкасындагы №952-контрундагы айыл     чарбасына жараксыз Турдубаева Акылайдын жеке менчигиндеги 0,83 га жер аянтына элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр база курууга “ Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер “ категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.

 

2.Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.Тагаев