Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын

кезексиз XXXIII сессиясы

 

2024-жылдын 05-сентябры  № VII

Папан айыл өкмөтүнө караштуу жер участогун которуу( трансформациялоо) жөнүндө

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин   VII чакырылышынын кезексиз XXXIII сессиясында күн тартибиндеги маселени карап чыгып, Папан айыл өкмөтүнө караштуу №260-контрундагы айыл чарбасына жараксыз Раев Абибилла Абыловичтин жеке менчигиндеги 0,60 га жер аянтын “ Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер “ категориясына которуу (трансформациялоо) максатына ылайык , Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек участкасындагы №260-контрундагы айыл     чарбасына жараксыз Раев Абибилла Абыловичтин жеке менчигиндеги 0,60 га жер аянтына элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр база курууга “ Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.

 

2.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек участкасындагы №260-контрундагы айыл     чарбасына жараксыз Раев Абибилла Абыловичтин жеке менчигиндеги 0,60 га жер аянтына элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында көмүр база курууга “ Өнөр жайдын, транспорт, энергетика, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”  категориясына которуу (трансформациялоого), Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан чечим чыгарып берүү жагы суралсын.

3.Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т.Тагаев