Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңештин депутаттарынын IX чакырылышы кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын  20-декабры № 2-3

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдорун  мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 сандуу токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө» Типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 08.12.2009-жылдагы №743 сандуу токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндөгү» Жобосуна ылайык жергиликтүү калктын дээрлик баардыгы кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүн эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун, юридикалык күчүн камсыз кылуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.           Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиялары мамлекеттик тилде өткөрүлүп, токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын;

 

2. Кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Нарын облустук юстиция башкармалыгынан суралсын;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

Төрага

У. Мелис уулу