Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылынын 19-апрели №23

 

« “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө».

 

         Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын жайгашкан № 36 А. Ибраимов орто мектебинин эмгек жааматынын эмгек ардагерлери математика мугалими Абдыраимов Базарбекке жана дене-тарбия мугалими Мейманжанов Барпыбайга, “Опоз” дыйкан чарбасынын мүчөсү эмгек ардагери Арасулов Сатыкейге “ Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Регламент, депутаттык этика жана мандат , мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин IX кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

 

1.    Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын “Айылдын ардактуу атуулу” наамы төмөнкү эмгек ардагерлерине берилсин

-          № 31 А. Ибраимов орто мектебинин математика мугалими Абдыраимов Базарбайга

-          №31 А.Ибраимов орто мектебинин дене-тарбия мугалими Мейманжанов Барпыбайга

-          “Опоз” дыйкан чарбасынын мүчөсү эмгек ардагери Арасулов Сатыкейге

 

2.    Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын“Айылдын ардактуу атуулу” наамын даярдоого кеткен чыгым айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каралсын.

 

3.    Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке милдеттендирилсин.

 

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.