Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылынын 19-апрели №24

 

« № 31 К. Чодошев орто мектебинде жайгашкан тарых музейинин жетекчиси Ш. Кожоевтин кайрылуусун кароо жөнүндө ».

 

          Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын жайгашкан № 31 К. Чодошев орто мектебинде жайгашкан тарых музейинин жетекчиси Ш. Кожоевтин кайрылуусун жана Регламент, депутаттык этика жана мандат , мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин IX кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

 

  1. № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин 2019 жылы 10-июнундагы педагогикалык кеңешмесинде кабыл алынган № 8 токтому күчүндө калтырылсын.

 

  1. № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинде жайгашкан тарых музейине мектептин тарых мугалими Кожоев Шайлообайдын көп жылдык жана тарых музейин уюштурууда кылган эмгегин баалап №31 К. Чодошев атындагы орто мектебиндеги тарых музейине Кожоев Шайлообайдын ысымын ыйгаруу жагы жактырылсын.

 

  1. Музейдин ичиндеги экспонаттарга жана экспонаттардын , кабинеттин тазалыгын жана иреттүүлүгүн камсыз кылуу Кожоев Шайлообайга милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына

жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.