ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 23-сессиясы
2024-жылдын 15-марты № 23/1
“Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылындагы №387 контурдагы 2,0га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр, жайынын транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга жана Кызыл Сарай айылындагы балдар бакчасын куруу үчүн 1,0га жер аянтын башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө.”
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.Балтабаевтин Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылындагы №387 контурдагы 2,0га жер аянтын “Айыл чарба багытындагыжерлер” категориясынан “Өнөр, жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга жана Кызыл Сарай айылындагы балдар бакчасын куруу үчүн 1,0га жер аянтын башка категорияга которууга макулдук берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөгү 2009-жылдын 31-июлундагы №257 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылындагы №387 контурдагы 2,0га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр, жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилбесин ал эми Кызыл Сарай айылындагы балдар бакчасын куруу үчүн 1,0га жер аянтын башка категорияга которуу үчүн убактылуу комиссия түзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык кенешинин төрагасы: |
| И. Ганыев |