ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 24-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 24/1
“Жоош айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.Балтабаевдин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара Суу районунун Жоош айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн” Жоош айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Жоош айылдык кенеши VII-чакырылыш кезексиз 24 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жоош айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Жоош айылдык кенешинин төрагасына жана Жоош айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жоош айылдык кенешинин төрагасы: |
| И. Ганыев |