Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели № 25/1

 

Жоош айыл өкмөтүнүн СЭӨП жана 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчету

 

  Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мурадыл уулу Нуркадырдын Жоош айыл өкмөтүнүн 2023-жылга СЭӨПнын жана бюджетинин аткарылышы эконом акчанын статьялар боюнча бөлүштүрүлүшү боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы

Т О К ТО М  К Ы Л А Т

 

1. Жоош айыл өкмөтүнүн СЭӨП, 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана статьялар боюнча бөлүштүрүлүшү боюнча берген билдирүүсү канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Жоош айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичиндеги бюджетинин киреше бөлүгү 87990.5 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 73343.1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин, Жоош айыл өкмөтүнүн №263, 17.08.2023-ж. №299, 25.09.2023ж, №378 30.11.2023-ж буйруктары бекитилсин.

3. Жоош айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин 14647,4 миң сом ашып калган калдык акча каражаты, анын ичинен негизги бюджеттен 13747,2 миң сом жана атайын каражаттардагы 900,2 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшоо жагы сунушталсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык кенешинин төрагасы:

 

И. Ганыев