Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели № 25/2

 

“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигине караштуу, Ош областынын сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн 2024-жылдын 5-апрелиндеги №01-11-31 катынын негизинде №177 жана №178 контурларында жайгашкан Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу жана Гайрат айылдарынын ортосундагы сайдын жээгинде курулган суулардын коргоочу тилкелерине мамлекеттик акт алуу максатында макулдук берүү жөнүндөгү Жоош айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн кароо жөнүндө”

 

  Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.Балтабаевтин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигине караштуу, Ош областынын сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн 2024-жылдын 5-апрелиндеги №01-11-31 катынын негизинде №177 жана №178 контурларында жайгашкан Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу жана Гайрат айылдарынын ортосундагы сайдын жээгинде курулган суулардын коргоочу тилкелерине мамлекеттик акт алуу максатында макулдук берүү жөнүндөгү Жоош айыл өкмөтүнүн” билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезексиз 25-сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигине караштуу, Ош областынын сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн 2024-жылдын 5-апрелиндеги №01-11-31 катынын негизинде №177 жана №178 контурларында жайгашкан Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу жана Гайрат айылдарынын ортосундагы сайдын жээгинде курулган суулардын коргоочу тилкелерине мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык кенешинин төрагасы:

 

И. Ганыев