Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы

 

2024-жылдын 22-апрели № 25/3

 

“Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл Сарай айылындагы 1,0 га жер аянтына, балдар бакчасын куруу үчүн, социалдык багытка, калктуу конушка которуу үчүн, Ак Жар айындагы мектеп жайгашкан 2,0 га жер аянтына жана Ак Жарайылындагы спорт комплекстин 0,40 га жер аянтына мамлекеттик менчик укугун алуу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү” Жоош айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн кароо жөнүндө”

 

  Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы А.Балтабаевтин Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл Сарай айылындагы 1,0 га жер аянтына, балдар бакчасын куруу үчүн, социалдык багытка, калктуу конушка которуу үчүн, Ак Жар айындагы мектеп жайгашкан 2,0 га жер аянтына жана Ак Жар айылындагы спорт комплекстин 0,40 га жер аянтына мамлекеттик менчик укугун алуу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл Сарай айылындагы 1,0 га жер аянтына балдар бакчасын куруу үчүн, социалдык багытка,калктуу конушка которуу үчүн макулдук берилсин.

 

2. Ак Жар айындагы мектеп жайгашкан 2,0 га жер аянтына жана Ак Жар айылындагы спорт комплекстин 0,40 га жер аянтына мамлекеттик менчик укугун алуу үчүн макулдук берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Жоош айылдык кенешинин төрагасы:

 

И. Ганыев