Загрузка документа…
Тиркеме МКЖӨБМАнын
2024-жылдын 17-декбрындагы
№ 01-25/342 буйругу менен бекитилди
Аксакалдар сотторунун
ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I . Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жанажергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
3. Аксакалдар соттору Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймактын жана шаардын аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.
4. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
Аксакалдар соттору өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат.
5. Аксакалдар сотторуна Мыйзам менен жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу; мыйзамдуулукту бекемдөөгө, укук тартибин сактоого көмөктөшүү, социалдык чыр-чатактарды баштапкы этабында жоюуга катышуу; жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо милдеттери жүктөлгөн.
6. Аксакалдар соттору ушул Регламенттин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүдө ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.
7. Аксакалдар сотторунун актылары чечим жана аныктама түрүндө чыгарылат. Аксакалдар соттору каралган иштин маңызы боюнча чечим, ал эми териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган айрым маселелер боюнча аныктама кабыл алышат.
Чечимге аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт. Аныктама аксакалдар сотунун жыйыны учурунда кабыл алынса, аныктамага аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коёт, аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда кабыл алынса, аныктамага материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо жүргүзгөн аксакалдар сотунун мүчөсү кол коёт.
8. Аксакалдар сотунун чечимдери жана аныктамалары, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдору аксакалдар сотунун төрагасы, аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен макулдашуунун негизинде, аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болуп аныктаган аксакалдар сотунун мүчөсү (мындан ары – катчы) тарабынан таризделет.
2. Иштерди (материалдарды) кароого даярдоо
9. Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкөн күнү атайын журналга катчы тарабынан катталат.
10. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндө карайт.
11. Аксакалдар сотунун төрагасы же төраганын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун мүчөсү келип түшкөн иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7, 19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алып, аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгү тууралу корутунду түзөт.
Корутундуда иштин иш жүзүндөгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жөнүндө маалыматтар жана аксакалдар сотунун өндүрүшүнө кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен кайтарып берүү жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.
12. Корутунду аксакалдар сотунун жыйналышында каралат. Анын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим ( аныктама) кабыл алынат:
- иш (материал) тиешелүү аксакалдар сотунун компетенциясына тиешелүү болуп, кошумча материалдарды суратуунун зарылдыгы жок болсо ишти өндүрүшкө алуу жөнүндө;
Ишти (материалдарды) кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт;
- иш (материал) аксакалдар сотунун компетенциясына кирбеген же ал аксакалдар сотунун кароосуна жатпаган учурда кайтарып берилет;
- ишти кароого алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жиберилет;
- кошумча материалдарды суратып алуу жана аларды иликтөө зарыл болгон учурда ишти (материалдарды) кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат.
13. Аксакалдар сотунун жыйналышында ишти (материалды) кароонун кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат.
Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт.
Кайтарылып берилген материалдардын ээлерине себебин көрсөтүү менен жооп, мөөнөтү узартылган кайрылуу ээлерине себебин көрсөтүү менен билдирүү жиберилет.
14. Ишти (материалдарды) кароо 18 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат.
Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берилбейт.