Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 22-январы № III

 

Папан айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Жайыт пайдалануучулар комдук бирикмесинин отчеттук чогулушунун протоколун карап чыгып, Папан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Папан айыл өкмөтүнүн,жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери

канаатандырарлык деп табылсын.

2. Жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин отчёттук чогулушунун протоколу жактырылсын.

3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарымын, өткөрүп берүү боюнча,Айыл өкмөтү менен Жайыт комитети ортосундагы келишим бекитилсин.

4. ЖПКБ нин жылдык планы 450,0 (төрт жүз элүү миң) сом болуп белгиленсин,алыскы жана ортоңку жайыт жерлер так болбогондугуна байланыштуу, жакынкы жайыттан 1390 га жайыт акысы топтолсун. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык айыл өкмөт тарабынан жүргүзүлсүн.

5. Папан айыл өкмөтүнө караштуу, жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2024-жылга түзүлгөн бюджети (1- тиркемеге ылайык) бекитилсин.

6. Жайыт пайдалануучуларга өзүнө бөлүнүп берилген жайытка мал жандыктарын чыгаруусу жана мал жандыктарын ветеринардык эмдөөдөн өткөрүүсү, жайытты пайдаланууда сарамжалдуу пайдалануусу, жайыт кыртышын бузбоосу,жайытка чыгаардан мурда,Жайыт комитетине кайрылуусу,жайыт билет алууда жайыт төлөмүн 30% алдын ала төлөөсү,жайыт пайдаланууда көргөзүлгөн келишимдеги графикти сактоосу милдеттендирилсин.

7. Мал жандыктарды каттоодо айыл башчылар жана айыл өкмөттүн ветеринардык врачы көзөмөл жүргүзсүн.

8. Асылдуулугу төмөн болгон жайыттарды өздөштүрүүгө берүү боюнча:

2024-жылга кыртыштын “Балл бонитети” 20% жетпеген таштактуу жайыттар,жайыт комитетинин макулдугу менен берилсин.

_Асылдуулугу төмөн жайыттарды,бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып келген жайыт пайдалануучу,эки тараптуу келишимин жана төлөгөн чекти көргөзгөндөн кийин гана арызы кабыл алынсын.

9. Жайыт төлөмүнүн өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин: Мал башына же бир баш кара малга,айына 50 (элүү) сомдон,сезонго 200 (эки жүз) сом, майда жандыктарга айына 10 (он) сомдон,сезонго 40 (кырк) сом болуп белгиленсин.Башка айыл өкмөттөрдөн келген кара малга жана майда жандыктарга,эки барабар төлөм төлөнсүн. Уруксатсыз мал жандыктарын жайытка алып чыккан адамдарга,ордунан АКТ түзүлүп укук коргоо органдарына өткөрлүп берилсин. Кышкы тоют камдоо жана жарандардын эс алуусу (кыйыр пайдалануу) 1(бир) жыл үчүн 1 (бир) га жайыт жер үчүн 1500(миң беш жүз) сом болуп бекитилсин.

10. Уруксатсыз жайытты тосуп алган жарандарга эскертүү каттары берилсин. Эгерде жооп болбосо, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат өкүлдөрүнө өткөрүп берилсин.

11. Жайытка мал жандыктарын берүүчүлөр менен мал багуучунун, жайыт пайдалануучунун ортосунда келишим түзүлүп, келишимге төмөнкүлөр камтылсын; _ Келишим түзүү учурунда, малдын жашы, түсү, салмагы, табырасы, жынысы, малдын орточо баасы көргөзүлсүн. Мал багуучуга,мал багуудагы эмгек акысынын ичинде, жайыт төлөмүн кошуп, айылдык кеңешинин сессиясында бекитилген токтомдун негизинде, коэффициент бир шартуу малга, бир айга 800 (сегиз жүз) сомдон, 1000 (миң) сомго чейин белгиленсин.

_ Келишим эки нускадан түзүлүп, малдын ээсинде жана мал багуучуда бирден нуска, болушу шарт.

12. Жакынкы жайыттардын катуу деграцияга учурап, жараксыз абалга келип калбас үчүн, алыскы жайлоого көчүрүү жагы жолго коюлсун. _ Алыскы жайлоого көчүрүүнү, Жайыт комитетинин курамы, Айыл өкмөттөн түзүлгөн мыйзам бузуулар боюнча комиссиясынын курамы, Ветеринарлар жана милиция кызматкерлери болуп, биргеликте топ түзүлүп,айыл өкмөтүнүн ортоңку жана алыскы жайыттары аз болгондугуна байланыштуу, башка Айыл өкмөттөрдүн жана Ош, Кара-Суу токой чарбаларынын, ортоңку жана алыскы жайлоолоруна, мал жандыктарды жайгаштырууга шарт түзүлсүн. Сырттан келген мал жандыктарга ветеринардык көзөмөл күчөтүлсүн. Ветеринар жана Токой чарбанын кызматкерлери менен биргеликте малдын саны жана ветеринардык абалы текшерүүгө алынсын.

13. Ушул токтомдун аткарылышын, Папан айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Р.Т.Матазимовго жүктөлсүн.

14. Көзөмөлдөө жагын Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.Тагаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Бекитилди: Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги XXVI сессиясынын № III токтому менен бекитилди Папан айылдык кеңештин төрагасы: _______________Т.Тагаев

Папан айыл өкмөтүнүн Кожо-Келен ЖПКБнин 2024-жылга карата

Бюджети

Пайдаланылган жайыт 1390 га

 

Киреше бөлүгү

Сумма. Сом.

1.Мал жаюудан: 200.0

2.Башка максаттарга пайдалануудан. 250.0

Жалпы киреше: 450.0

 

Чыгаша бөлүгү:

 1.Айыл өкмөтүндө 3/1 бөлүгү калганы: 150.0

2.Эмгек акы 12 айга*15000 с = 180.0

3. Соц фонд 180000х17.25% = 31.05

4.Канц товар 10.0

5.Транспорт чыгымдары: ГСМ. 50.0

6.Ассоциацияга төлөм 6.0

7.Инфраструктура чыгымдары 22.95

 Жалпы чыгаша: 450.0

 

Жакынкы жана ортоңку жайытка чыккан мал 1000 ШМБ

 

 

Кожо-Келен ЖПКБнин төрагасы: Р.Т.Матазимов.