Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 22-январы № IV

 

Папан айыл өкмөтүнө караштуу жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Папан айылдык кеңеши айыл өкмөттүн 17.01.2024-жылдагы №01-19/29 сандуу катын карап,айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарба багытынан сырткаркы 0,55 га жер аянтын Папан айыл өкмөтүнүн Камыр-Суу айылына АРИС тарабынан Логистикалык борбор куруу үчүн Папан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Папан айыл өкмөтүндөгү Камыр-Суу айылындагы № 619-контурундагы муниципалдык менчиктеги айыл чарба багытынан сырткаркы 0,55 га жер аянтына АРИС тарабынан Логистикалык борбор куруу үчүн "Өнөр жайдын,транспорт, энергетика,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына мидеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.Тагаев