Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 22-январы № VI

 

«Арал айылындагы №309-контурундагы 1,0 га жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндө»

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясында айыл өкмөттүн 17.01.2024-жылдагы №01-19/29 сандуу катын карап чыгып, Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы №309-контурдагы 1,0 га жер аянтын муниципалдык менчике алууга айыл өкмөттүн катынын негизинде Папан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы №309-контурдагы Кожо-Келен жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесиндеги 1,0 га жер аянты муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына мидеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана архитектура, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.Тагаев