Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 22-январы № VIII

 

Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып, айыл өкмөттүн 17-январь 2024-жылдагы №01-19/30 сандуу катын карап.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №447 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Д.А.Кенекеевдин 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 11-4066 тапшырмасына жана республиканын аймагындагы расмий түрдө айыл статусу жок калктуу конуштарга айыл статусун ыйгаруу,көчөлөргө ысым ыйгаруу жана турак үйлөрдү катар номер менен белгилөө жөнүндөгү тапшырмасына ылайык,Папан айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы Ак-Буура дарыясындагы көпүрөдөн Ноокат районуна кетүүчү 2 км негизги көчөгө эмгек ардагери маркум Муратов Рахманбердинин ысымы берилсин жана айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин.

2. Арал айылынан Ак-Буура дарыясындагы көпүрөдөн Ноокат районуна кетүүчү 2 км негизги көчөгө аты коюлган эмгек ардагери маркум Муратов Рахманбердинин үй-бүлө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин (жол тегиздөө,жарыктык орнотуу, электр мамычаларын орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуу зарылчылыгы жеткирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Т.Тагаев