ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2024-жылдын 22-январы № IХ
Папан айыл өкмөтүнө «Тазалык» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясында айыл өкмөттүн «Папан Тазалык» муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү 18.01.2024-жылдагы чыгыш №01-19/38 сандуу катын карап жана талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүндөгү айылдардын тазалыгын сактоо максатында «Папан Тазалык» муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Папан айыл өкмөтүндө түзүлгөн «тазалык» ишканасынын аталышы «Папан тазалык» муниципалдык ишканасы деп аталсын.
3. «Папан Тазалык» муниципалдык ишканасын уюштуруу жана тийиштүү жактардан каттоодон өткөрүү, токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Т.Тагаев |