ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылынын 19-апрели №26
« Айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларын кароо жөнүндө ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-апрель 2024-жылдагы III-кезексиз сессиясынын № 12 токтомунда жазгы айдап себүү, мал бакан бадачыларга жана суу пайдаланууга бекитилген баалардын аткарылбай жаткандыгы жөнүндө айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларын карап чыгып, жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин IX кезексиз IV сессиясы токтом кылат:
- Элмирбек Иманалиев айыл аймагы боюнча жазгы айдап себүү. мал баккан бадачылар жана суу пайдалануучулар үчүн бекитилген баалардын аткарылбай жаткандыгы эске алынсын.
- Айыл аймагы боюнча токтом менен бекитилген бааларды кармап айыл аймагындагы механизаторлор, бада багуучулар жана мураптар менен сүйлөшүп иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко, тиешелүү айылдардын айыл башчыларына, жайыт комитетин кызматкерлерине жана “Жаңы-Доор” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
- Сессиянын чечимине баш ийбей токтомдун аткарылышына каршы чыккан механизаторлорго, бада багуучуларга жана суу пайдалануучуларга айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин, жергиликтүү милиция кызматкерлерин жана айылдык кеңештин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссия курамын кошуу менен убактылуу комиссия түзүп Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде иш - кагаздарын иштеп чыгып мыйзамдын чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М. Ө. Сатаровко жана айыл башчылар Р. Жээнчороевке, А. Мамырбаевке милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо жана Агрардык маселелер боюнча
боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |