Редакцияот 14.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

                                      I-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын  29  ноябрындагы  №   7                         

 

Жер тилкесин трансформациялоого

макулдук берүү жөнүндө

 

        Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш Бөрү-Баш айылынын тургуну, Джаманкеева Венера Абдыбекованын  арызында көрсөтүлгөндөй, Бөрү-Баш айылында жайгашкан №738,759,756 контурунан жалпы аянты 5.0 га болгон жайыт жердин багытын, “Өнөр жай курулуш куруу”  багытына которуп берүү боюнча арызын  карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергилктүү Кеӊеш токтом кылат:

       1. Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылындагы №738, №759, № 756 контурундагы жалпы аянты 5,0 га жайыт жер тилкесин “Өнөр жай курулуш куруу” багытына (трансформациялоого) которууга макулдук берет.

 

       2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.

 

    3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага                                                                                                 А.Токомбаев