Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылынын 19-апрели №27

 

«Элмирбек Иманалиев айыл аймагы боюнча жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдардын курамын өзгөртүү жана кайрадан түзүү жөнүндө».

 

          Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына ылайык Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административтик-аймактык реформанын 3-главасынын Жергиликтүү кеңештин кошумча милдеттеринде көрсөтүлгөн жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдардын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, жаштар уюмдары ж.б.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо 4-пунктунун алкагында карап чыгып, жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы токтом кылат:

 

  1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагы боюнча жергиликтүү жамааттардын коомдук уюмдарынын курамын өзгөртүү жана кайрадан түзүү жагы жактырылсын.
  2. Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айыл аймагындагы коомдук уюмдардын мурунку түзүлгөн курамы жокко чыгарылсын.
  3. Элмирбек Иманалиев айыл аймагында жаңы жамааттык коомдук (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соту, аялдар кеңеши. Жаштар уюмдары ж.б.) уюмдарды түзүүдө ар бир айылдын жарандарын тартуу жагы айылдарда жыйналыш өтүү менен жүргүзүлсүн.
  4. Айыл-айылда жыйналыш өткөрүп коомдук уюмдардын скурамын бекитүү үчүн айыл өкмөтү тарабынан буйрук жана жыйналыш графигин иштеп чыгуу айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко милдеттендирилсин.
  5. Буйрукка тиешелүү айыл башчылары жана айылдык кеңештин Жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамы тартылсын.
  6. Бул токтомду көзөмөлдөө Жергиликтүү өз алдынча өнүктүрүү жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
  7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
  8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.