Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2024-жылынын 19-апрели №29

 

« Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө».

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Л.А. Жунусованын маалыматтын жана айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комисиясынын чечимин угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектүү V сессиясы токтом кылат:

 

  1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жегриликтүү бюджети алымча-кошумчалары менен кабыл алынсын.
  2. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга киреше бөлүгү ( республикалык берилүүчү теңдөөчү гранты жана атайын каражаты кошуп эсептегенде) 34436,2  миң сомго бекитилсин.

 

          мунун ичинен:             жергиликтүү бюджет - 16051 миң сом

республикалык теңдөөчү грант – 15414,7 миң сом

атайын каражат – 2970,0 миң сом

 

  1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фондусуна 2024-жылга 485,0 миң сом белгиленсин.

 

  1. Жергиликтүү кеңештин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.

 

  1. Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Л.А. Жунусовага жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсүнө карата сессияларга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөайылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.