ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылынын 25-апрели №34
« Айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштеринин аткарылыш жөнүндө ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба иштери боюнча башкы адисинин 2023-жылга аткарылган иштери боюнча маалыматы жана 2024-жылга бекитилген иш-чараларынын маалыматы боюнча айыл чарба боюнча башкы адис Төрөкулов Ө.Т. жана айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча сунушун угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл чарба иштери боюнча 2023-жылга аткарылган иш чаралары канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл чарба иштери боюнча 2024-жылга каралган иш-чаралары алымча кошумчалары менен кабыл алынсын жана жактырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адисинин жана салык боюнча башкы адисинин маалыматтары кийинки сессияларга калтырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |