ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылынын 25-апрели №36
« Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча башкы адиси Ө.Т. Төрөкуловтун жазга карата жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, айылдардын сугат арыктарын тазалоо иштерине көрүлгөн иш-чаралар жөнүндө ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбалар боюнча башкы адиси Ө.Т. Төрөкуловтун жана Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы токтом кылат:
- Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча башкы адиси Ө.Т. Төрөкуловтун жазга карата жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, айылдардын сугат арыктарын тазалоо иштерине көрүлгөн иш- аралар боюнча маалыматы канаттандырарлык деп табылсын.
- Айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-чараларына, айылдрдын сугат арыктарын тазалоону мындан ары да колго алуу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко жана тиешелүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |