Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2024-жылынын 25-апрели №37

 

« Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин 2023-жылдагы аткарылган иштери жөнүндө».

 

Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар комитетинин жана Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы токтом кылат:

 

  1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин 2023-жылдагы аткарылган иштери боюнча маалыматы жактырылсын

 

  1. Айыл аймагында жаңы түзүлгөн “Жаңы-Доор” муниципалдык ишканасына 2024-жылдагы жайыт пайдалануучулардын 2024-жылга кабыл алынган иш- чараларынын негизинде бекитилген бюджеттин кийинки сессияга алып чыгуу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

 

Төрага

Ж.С. Ысырайылов.