ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылынын 25-апрели №39
« Айыл аймагындагы мектептердин кичи футболдук аянтчаларын жана айылдык спорт комлексинин иштөө тартибин бекитүү жөнүндө».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелериндеги, жана айыл аймагында жайгашкан спорт комплексинин иштөө тартибин бекитүүү боюнча айылдык кеңештин сессиясынын учурдагы маселелер боюнча киргизилген сунуштарынын негизинде айыл аймагына караштуу билим берүү тармактарында курулган кичи спорттук аянтчаларды келечек муундарга сактоо максатында ошону менен эле бирге айыл аймагында жайгашкан спорттук комплекстин иштөө тартибин белгилөө максатында депутаттардын жана мекеме жетекчилеринин сунушун угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
токтом кылат:
- Элмирбек Иманалиев айыл аймагында жайгашкан № 35 Ж. Чаргынов, №№ 31 К.Чодошев, № 36 А. Ибраимов, № 38 М. Термечиков, № 39 М. Жунусалиев, № 40 А. Шабданов атындагы орто мектептеринин жана айылдык спорт комплексинин иштөө тартибин бекитүү боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын киргизген сунуштары колдоого алынсын.
- Айыл аймагында жайгашкан мектептердин кичи футболдук аянтчаларын жана айыл аймагында спорт комплексин пайдалануу саат 19-00 – саат 00-00 чейин ишке ашырылсын.
- Кичи футболдук аянтчаларды жана спорт комплексин пайдалануу үчүн айыл өкмөт тарабынан жооптуу адам шайланып, тиешелүү айыл башчылары тарабынан аткарууга алынсын
- Ойноо тартиби саатына 300 (үч жүз) сомдон бекитилсин жана графикти сактоо дайындалган жооптуу адамга жүктөлүп, түшкөн каражат айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине төгүлсүн.
- Даталуу жана майрам күндөрү кичи футболдук аянчаларды , спорт комплексин пайдалануу айыл өкмөтү тарабынан дайындалган адамга жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
- Чогулган акча каражаты ошол эле кичи футболдук аянтчаларды жана спорт комплексинин оңдоо-түзөө иштерине жумшалсын.
- Түшкөн каражатты көзөмөлдөө жагы тиешелүү айыл башчыларына жана атайын шайланган жооптуу адамга жүктөлсүн .
- Тартипти жана коопсуздукту сактоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К. Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |