ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2024-жылынын 25-апрели №40
« Айыл аймагынын тургундарынын сунушун кароо жөнүндө ».
Элмирбек Иманалиев айыл аймагында жайыт комитетинин жана айыл аймагынын тургундарынын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын жайыт комитетинин жана айыл аймагынын сунуштары эске алынсын.
2. Айыл аймагында жайыт жерлерин тосуп алуу боюнча айылдын жарандарына мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Сатаров т Муратбек Өкүшовичке жана айыл чарба иштери боюнча башкы адиси Ө.Т. Төрөкуловко, жер адиси Э.Ш. Ажыкуловко “Жаңы- Доор” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М. Нуржакыповко милдеттендирилсин.
3. Тосулуп алынган жайыт жерлерин ачуу боюнча иш чара 2024-жылдын 1-июнуна чейин ишке ашырылсын .
4. Жайыт жерлерин ачуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан укук коргоо адистерин кошуу менен коомдук уюмдардын катышуусун камсыз кылуу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Ө. Сатаровко тапшырылсын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш жана Агрардык маселерлер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.С. Ысырайылов. |