Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2017-жылдын 27-февралы № 123
Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Жабдууларды модернизациялоого инвестицияларды тартуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр суралсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүү:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү-программасында:
төмөнкүдөй мазмундага 13-2-пункт менен толукталсын:
"13-2. Кийин уставдык капиталда акцияларынын мамлекеттик пакетин (үлүшүн) менчиктештирүү менен чарбалык коом болуп кайрадан түзүлүүгө тийиштүү мамлекеттик ишканалардын тизмеги ушул Программанын 5-тиркемесине ылайык аныкталат.";
ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 5-тиркеме менен толукталсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 10-мартында N 35 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
|
| "2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 5-тиркемеси |
Кийин уставдык капиталда акцияларынын мамлекеттик пакетин (үлүшүн) менчиктештирүү менен чарбалык коом болуп кайрадан түзүлүүгө тийиштүү мамлекеттик ишканалардын ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик ишкананын аталышы | Мамлекеттик үлүш, (%) | Менчиктештирилүүгө тийиш мамлекеттик үлүш, (%) |
1 | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы | 100% | 49% |