БИРИККЕН КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Кара- Шоро айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 6
«Ак-Жар» айыл өкмөтү мекемеси жана « Көлдүк» айыл өкмөтү мекемеси «Кара-Шоро» айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Кара- Шоро” айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Жар» айыл өкмөтү мекемеси жана «Көлдүк» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Кара- Шоро» айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Кара- Шоро” айыл өкмөтү мекемесинин дайындалган башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Турдали у. К. |