МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН (VII- ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 177
“Мады айыл аймагынын административдик чек арасын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Мады айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Мады айылдык кеңешинин төрагасына жана Мады айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. №224-кварталдагы инфраструктура түзүмдөрү (таза суу насостору, скважина, суу кампалары жана трансформатордук подстация) түзүмдөрү толугу менен актынын негизинде өткөрүлүп алынсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мадазимов |