Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН (VII- ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 19-апрели № 180

 

«Мады айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөрдү, сунуштарды, толуктоолорду киргизүү жана жумушчу тобун кайрадан түзүү жөнүндө»

 

Мады айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөрдү, сунуштарды, толуктоолорду киргизүү жана жумушчу тобун кайрадан түзүү жөнүндөгү депутаттардын сунуштарын угуп, талкуулап Мады айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мады айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөрдү, сунуштарды жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Мады айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жумушчу тобу кайрадан түзүлсүн.

3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Мады айылдык кеңешинин төрагасы

 

Б.Мадазимов