Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлундагы № 175

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Күн –Тийбес участкасынан казылып алынган темир трубаны колдонуу жөнүндө

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Күн –Тийбес участкасынан казылып алынган, мурунку союз убагында көмүлүп калып калган 500дүк темир трубаны казып алып, айыл өкмөттүн аймагындагы муктаж жерлерге колдонууга макулдук берүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушу эске алынып, мурунку союз убагында көмүлүп калып калган, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Күн –Тийбес участкасынан казылып алынган 500дүк темир трубаны, айыл өкмөттүн аймагындагы төмөндөгү муктаждыктарга колдонууга макулдук берилсин:

·       Үч-Терек айылындагы К.Абдылдабеков көчөсүнө -15метр

·       Саргата айылындагы Ө.Кодиков көчөсүнө-10метр

·       Саргата айылындагы К.Курантаев көчөсүнө-10метр

·       Кызыл-Ураандагы Кара-Кечүү участкасына селден коргонуу үчүн 4жерге жалпы -12метр

·       Камбар-Ата -2 ГЭСинин баш жагындагы Сары-Таш каналына насос коюу үчүн -14метр

2. Жогоруда аталган 500дүк темир трубанын эч кимге тиешелүү эместигин аныктагандан кийин колдонууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев