ТОКТОМ
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 173
Бюджеттик мекемелердин ичүүчү таза суу үчүн төлөмдөрү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагындагы 4орто мектеп, 5бала бакча, 3айылдык клуб жана 1 маданият үйү тарабынан пайдаланылган, ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасы тейлеген ичүүчү таза суунун төлөмүн айыл өкмөттүн бюджетинен төлөп берүү жөнүндөгү ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чакиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы 4орто мектеп, 5бала бакча, 3айылдык клуб жана 1 маданият үйү тарабынан пайдаланылган, ичүүчү таза суунун төлөмүн айыл өкмөттүн бюджетинен төлөп берүү жөнүндөгү ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чакиевдин сунушу эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл аймагындагы 4орто мектеп, 5бала бакча, 3айылдык клуб жана 1 маданият үйү тарабынан пайдаланылган, ичүүчү таза суунун төлөмдөрүн жыл этегинде үнөмдөлгөн бюджеттин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |