ТОКТОМ
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 172
Ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек жана Саргата айылдарындагы ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынан тейлене турган, ичүүчү таза суунун тарифин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, кайрадан суунун тарифин бекитип берүү жөнүндөгү, ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чакиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек жана Саргата айылдарындагы 1м3 ичүүчү таза суунун тарифи, калкка 31сом 70тыйын жана калкка кызмат көрсөтүү менен алектенген физикалык жана юридикалык жактарга 53сом 10тыйын эсебинде, мурунку тарифтин негизинде калтырылсын.
2. Кийинки таза сууга кошулуу тарифи калк үчүн 1500сом, коммерциялык мекеме ишканалар үчүн 4500 сом өлчөмүндө (техникалык шарттарга) бекитилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |