Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлундагы № 170

 

М.Нургазиев орто мектебинин ашканасынын ремонтуна каралган 200,0(эки жүз миң )сом акча каражатынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин №29 М.Нургазиев атындагы орто мектеби капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн республикалык каржылоого киргендигине байланыштуу, райондук атайын эсептен М.Нургазиев атындагы орто мектебинин ашканасын ремонттоо үчүн каралган 200,0 (эки жүз миң)сом акча каражатынын багытын, ашканага эмерек сатып алуу үчүн өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсү эске алынып, М.Нургазиев атындагы орто мектебинин ашканасынын ремонтуна райондук атайын эсептен каралган 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатынын багытын ашканага эмерек сатып алуу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Багыты өзгөртүлгөн акча каражатын Аппарат бөлүмүнүн атайын эсебинин 3112беренесине отургузуу жагы райондук каржы башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке жана тиешелүү каржылык операцияларды жүргүзүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев