ТОКТОМ
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 168
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-2026 жылдарга карата болжолдуу киреше салыгы жана чыгашасы боюнча долбоорду бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылга карата долбоору 27161,5 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 27161,5 мин сомго жактырылсын.
2. үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүнүн 2025-жылга божомолу 27744,0 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 27744,0 мин сомго жактырылсын.
3. үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2026-жылга божомолу 28254,0 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 28254,0мин сомго жактырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылып, аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Байсабаевке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |