ТОКТОМ
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 167
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесине Байкоочу кеңештин үч-Терек айыл өкмөтүндөгү өкүлүнүн 2023-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери боюнча отчетун кароо жөнүндө
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү М.Көкүловдун 2023-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1.”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү М.Көкүловдун 2023-жылдын 6-айында жүргүзгөн иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Атайын фонддун байкоочу кеңешинин өкүлү М.Көкүловко Токтогул райондук атайын эсептен бөлүнүүчү каражатты атайын эсептин жобосуна ылайык, ирригация тармагына бөлдүрүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |