ТОКТОМ
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 166
Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А. Байсабаевдин 2023-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жарыктандыруу боюнча жумуштарды 2023-жылдын 15-октябрына чейин бүтүрүү жана Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү таза суу долбоорунун алкагында Саргата айылындагы киргизилген таза суунун сапаттуу бүткөрүлүшүн жеке көзөмөлүнө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |