БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XX-сессиясынын
2023-жылдын 10-мартындагы № 2
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна мүчөлүк акы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 22-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун Уставына ылайык, шаардык кеңештин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун жана вице-мэр А.Калмурзаевдин сунушунун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХ-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун Уставыныны 3.2 жана 3.7 пунктарына ылайык жылдын биринчи кварталында шаар калкынын санына жараша ар бир жашоочуга 2 сом өлчөмүндө мүчөлүк акы бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Э.Ашыралиевке жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет экономика жана ички сырткы инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловко милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Анарбеков К.К. |