Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясынын

 

2023-жылдын 03-февралындагы № 9

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндөгү

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  мыйзамынын, Базар-Коргон шаардык кеӊешинин регламентинин 22-главасынын негизинде, шаардык кеӊештин туруктуу комиссия төрагаларынын, жооптуу катчысынын жана депутаттардын  сунуштарын, айтылган пикирлерди угуп жана талкуулап, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XIХ-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2023-жылга карата иш-планы толуктоолор менен бекитилсин.

 

2. Базар-Коргон шаардык кеӊешинин 2023-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын  камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

4. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

 

Анарбеков К.К.