БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясынын
2023-жылдын 03-февралындагы № 5
Базар-Коргон шаардык кеңештин Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14–мартындагы №56 буйругунун, Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын шаардык кеңештин Типтүү Регламентин, ага киргизген толуктоолор жөнүндө маалыматын жана депутаттардын оң жактуу сунуш-пикирлерин угуп чыгып, шаардык кеңештин I-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык кеңештин 17-май 2021-жылдагы №2 токтому «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жокко чыгарылсын.
2. Базар-Коргон шаардык кеңешинин Типтүү Регламенти бекитилсин. (тиркелет)
3. Шаардык кеңештин депутаттарына жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерине иш жүргүзүүдө кабыл алынган Типтүү Регламенттин негизинде иштөө жагы милдеттендерилсин.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| Анарбеков К.К. |